Эми ОСАГОну 5 мүнөткө сатып албайсыз. Аны унаанын жаңы ээсине өткөрүп берүүгө болот

Эми ОСАГОну 5 мүнөткө сатып албайсыз. Аны унаанын жаңы ээсине өткөрүп берүүгө болот

Кыргызстанда ОСАГО полисин унаанын жаңы ээсине өткөрүп берүүгө уруксат берилди. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койду.

Токтомго ылайык, эми жаран унаасын сатып жатканда, ОСАГО полисин унаанын жаңы ээсине өткөрүп бере алат. Ал үчүн унаанын жаңы ээси камсыздандыруу компаниясына кайрылып, келишимди өз атына жаздырышы керек.

Ошол эле учурда камсыздандыруу полисинде көрсөтүлгөн унааны жана камсыздандыруу мөөнөтүн өзгөртүүгө болбойт.

Ошондой эле унааны кайра каттоодо ОСАГО полиси көрсөтүлүшү керек деген норма жокко чыгарылды.

Эскерте кетсек, буга чейин бир топ жарандар унааны сатып жатканда ОСАГО полисин бир аз гана убакытка аларын, саткандан кийин ал жараксыз болуп каларын жана унаанын жаңы ээси да ОСАГО полисин аларын айтып чыгышкан. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутат Дастан Бекешев ОСАГОну унаанын жаңы ээси алышы керектигин билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>