Илон Маск Трамптын Украинага жаңы президент шайлоо чакырыгын колдодуКыргызстанда беш жылда чекене соодадагы базарлардын үлүшү 38%дан 33%га чейин төмөндөдүЭр-Рияддын аэропортуна кол салуу: 12 адам каза болуп, 309у жаракат алдыКыргызстандын башчысы өлкөнүн түштүгүнө эки күндүк сапар менен барат — Аскат АлагөзовТаттуу түшүм: Кыргызстанда 650 миң тонна кызылча жыйноо пландалуудаТрамп: Украинага жаңы лидер шайлоого убакыт келди — АКШ президенти дагы эмнелерди айтты
Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды
11.10.2024 | 11:54
Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, сентябрь айынын баштарында Арча-Бешик конушундагы үйгө белгисиз адам кирип, зер буюмдарды жана 30 миң сом акчаны уурдап кеткен. Бул боюнча үй ээси милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча “уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 32 жаштагы А.С. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда анын башка уурулук фактыларга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.