Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Эми Саймалуу-Таштагы петроглифтерди виртуалдуу реалдуулукта көрүүгө болот
07.08.2025 | 09:47

Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш паркындагы уникалдуу петроглифтерди виртуалдуу реалдуулук (VR) технологиясынын жардамы менен көрүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган долбоор “Терра Паблик” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып, жалпы суммасы 4 млн сомду түзгөн.
“Долбоордун алкагында петроглифтердин бөлүгү толук санарип форматта жеткиликтүү болуп, виртуалдык туризм жана маданий мурастарды сактоо мүмкүнчүлүгү артты. Учурда дагы төрт каталогду даярдоо иштери пландалууда. Бул багытта кошумча грант алуу процесси жүрүп жатат”,- деп маалымдады министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы