Эркин Тавашаров жана Байзак Азизбеков энергетика министринин орун басарлары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Маалыматка караганда, аларды дайындоо тууралуу буйрукка КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Эскерте кетсек, буга чейин Байзак Азизбеков Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасынын орун басары, ал эми Тавашаров «Электр станциялары» ААКтын башкы директору кызматын аркалап келген.