КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Кыргызстандык Фердауза Убарикова парадзюдо боюнча дүйнө чемпионатында күмүш жеңди
13.05.2025 | 17:38
Кыргызстандык спортчу Фердауза Убарикова Казакстандын борбору Астанада өтүп жаткан парадзюдо боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Кыргыз парадзюдо федерациясы билдирди.
Фердауза Убарикова 46 килограммга чейин күч сынашкан. Ал атаандашын мелдештин алгачкы секундаларында иппон ыкмасы менен жеңип алган.
Федерациянын маалыматына ылайык, бул медаль Кыргызстандын тарыхында парадзюдо боюнча дүйнө чемпионаттарындагы алгачкы байге болуп эсептелет.
Белгилей кетсек, IBSA Judo World Championships Astana 2025 турнири 13–15-май күндөрү Астанада өтүп жатат. Бул турнир лицензиялык макамга ээ болуп, 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Паралимпиада оюндарына тандоо системасына кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт