КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Кыргызстан жыл башынан бери Кытайга 82,1 тонна бал экспорттогон
13.05.2025 | 17:58
Жыл башынан бери Кыргызстан 143,7 тонна бал экспорттоду. Бал эң көп Кытайга жана Араб Эмираттарына сатылган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 45,9 тоннага көп. Тактап айтканда, балдын экспорту быйыл 47%га жогорулаган.
Бал төмөнкү өлкөлөргө экспорттолгон:
- Кытай – 82,1 тонна (эң ири импортёр);
- БАЭ – 24,5 тонна;
- Өзбекстан – 15,1 тонна;
- Кувейт – 4,6 тонна;
- Катар – 6,3 тонна.
Министрлик балдын импорту тескеринче азайганын билдирди. 2025-жылы 0,5 тонна бал импорттолгон. Ал эми өткөн жылы 44,8 тонна бал өлкөгө кирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика