Чуңкурчакта жапайы түлкүгө ок атышкан. Милиция 4 эркек кишини аныктадыСаламаттык сактоо министрлиги жана ДСУ Кыргызстандын алыскы аймактарында санариптик медицинаны кеңейтүүнү макулдашты«Кыргызнефтегаздагы» коррупция: Шайырбек Ташиев 16-майга чейин тергөө абагына киргизилди3-апрелге карата аба ырайыЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулашты
Энергетика министринин орун басары Бишкекке вице-мэр болду
13.06.2024 | 09:40
Таалайбек Байгазиев Бишкек шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Байгазиев буга чейин энергетика министринин орун басары кызматын ээлеп келген. Ал мэрияга Бишкек Жылуулук электр борбору менен “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы муниципалитеттин карамагына өткөндүгүнө байланыштуу которулган.
Талайбек Байгазиев вице-мэр катары мэриянын алдында жаңыдан түзүлгөн Отун-энергетикалык комплекс департаментин жетектейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом