Энергетика министрлиги «чексиз тариф» демилгесин көтөргөндөр жазаланганын билдирди

07.11.2025 | 15:41

Энергетика министрлиги электр энергиясынын «чексиз тарифин» сунуштоо маселесине байланыштуу расмий түшүндүрмө берди.

Мекеме бул «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» демилге (КУЭТ) ишканасы тарабынан министрлик менен алдын ала макулдашылбастан көтөрүлгөнүн билдирди.

Мындан улам Энергетика министрлиги «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ишкансынын жетекчилигине карата тиешелүү чара көрүү боюнча катты аталган ишкананын Директорлор кеңешине жолдогон.

Натыйжада Директорлор кеңеши «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» башкы директору И.М.Сыдыгалиевге жана коммерциялык иштер боюнча орун басары Дүйшө уулу Уларбекке сөгүш берген. Ошондой эле КУЭТтин электр энергиясын сатуу башкармалыгынын башчысы И.А.Орозбаев кызмат ордунан бошотулган.

Мындан тышкары ишканага калкка үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү тапшырылган.

Эске сала кетсек, КУЭТ электр энергиясын жогорку жүктөм маалында өчүрүүнү пландаштырып жатканын, бирок ошол эле учурда кадимки тарифке караганда кымбатыраак «чексиз тарифти» сунуштаган.

Кийин өлкө башчы Садыр Жапаров мындай демилгени сынга алып, электр энергиясы тартыш болгон шартта чексиз тарифге өтүүгө жол берилбей турганын билдирген. Ал мындай кадам коомдо социалдык ажырымды жаратышы мүмкүн экенин айтып, энергетика министри Таалайбек Ибраевге чексиз тарифди токтотууну тапшырган.

Scroll to Top