Кыргызстанда сот тутумунун 15 объектиси курулууда, дагы тогуз имарат куруу пландалганТалас шаарында 5 миң орундуу «Талас-Арена» борбордук стадиону ачылдыБишкектен Шарм-эль-Шейхке учкан каттамдар келе жаткан кыш мезгилине токтотулдуАКШдан Кыргызстанга баңгизат ташууга шектелген жаран кармалып, өлкөгө алынып келиндиСадыр Жапаров: Талас облусунда 350 орундуу оорукана жана үч медициналык борбор курулатМСК кыйыр салыктар боюнча отчетту автоматтык текшерүү функциясын киргизди
Бишкекте Фучик жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде кыймыл убактылуу жабылат
07.11.2025 | 16:01
8–9-ноябрь күндөрү Бишкекте Фучик көчөсү, Жибек Жолу проспекти жана Профсоюз көчөсүнүн кесилишинде унаа кыймылы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чектөө жол тилкесинде реабилитациялык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу киргизилди.
Мэрия шаар тургундарын түшүнүү менен мамиле кылууга жана алдын ала жол багыттарын пландап алууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом