Энергетика министрлиги эки индиялык компания менен кызматташуу боюнча келишим түздү

23.03.2026 | 13:05

Энергетика министрлиги эки индиялык ишкана менен энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталган эки меморандумга кол койду. Келишимдер KEC International Limited менен CraticAI Services Private Limited компаниясы менен түзүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, «Bharat Electricity Summit 2026» иш-чарасынын алкагында энергетика министри Таалайбек Ибраев Индиянын KEC International Limited, NHPC Limited, NTPC Limited жана CraticAI Services Private Limited компанияларынын жетекчилиги менен жолугушкан.

Жолугушуулардын жүрүшүндө гидроэнергетика, кайра жаралуучу энергия булактары, көмүр өнөр жайы, энергетикалык инфратүзүмдү модернизациялоо жана санариптик чечимдерди киргизүү багытындагы инвестициялык долбоорлор талкууланган.

Мындан тышкары, Таалайбек Ибраев Нойда шаарындагы NTPC Limited күн электр станциясына барган. Ал жакта министр электр энергиясын өндүрүүнүн технологиялары, энергияны узак мөөнөттүү сактоо ыкмалары жана тийиштүү тутумдардын иштеши менен таанышты.

Scroll to Top