Энергетика министрлиги эртең менен кечинде жарык өчүрүлбөй тургандыгын билдирди

13.11.2025 | 16:55

Кыргызстанда эртең менен саат 7:00дөн 9:00гө чейин жана кечинде 18:00дөн 21:00гө чейин өчүрүүлөр болбойт, бир гана кубаттуулук 5 киловаттан 3 киловатка чейин чектелет. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди

Анын айтымында, бул убакта электр энергиясы ашыкча жүктөм менен иштегендиктен, анын баасы кымбат болот. Мисалы Орусиядан алып келинген электр энергия үчүн баа 1 рубль 70 копейка болсо, ашыкча жүктөм учурларында анын баасы 7 рублга чыгат.

Мындан улам эртең менен кечинде электрдин кубаттуулугун азайтуу чарасы киргизилген.

“Өчүргөн жокпуз, ал эми кубаттуулукту чектеген бул башка нерсе. Биз алып жаткан 5 килловатты 3 киловатка түшүрүп коюп атабыз. Бирок свет баары күйүп турат. 3 киловатка телевизор, муздаткыч, бир жылыткыч, 10 чакты лампочка, бир аристон иштей алат”,- деп билдирди ал.

Эске салсак, быйыл өлкөдө электр энергиясынын жетишсиздиги болууда. Таалайбек Ибраев буга чейин Токтогул ГЭСиндеги суунун аздыгына байланыштуу электр энергиясы аз өндүрүлүп, быйылкы кыштын оор болорун билдирген.

Scroll to Top