Эрдоган түрк мамлекеттеринин башчыларына Айтматовдун китебин белекке берди

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Азербайжандын Габала шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) саммитинде түрк мамлекеттеринин башчыларына орток түрк алфавитинде басылып чыккан Чыңгыз Айтматовдун жана «Огузнамалар» китептерин белекке берди. Бул тууралуу түркиялык басылмалар билдиришти.
TRT Avaz’дын маалыматына ылайык, Эрдоган саммитте сүйлөгөн сөзүндө түрк мамлекеттер ортосунда маданий демилгелер ишке ашып жатканын билдирген. Ал Түркия орток алфавитке карай алгачкы кадамды таштап жатканын белгилеген.
“Түркия катары орток алфавитке карай алгачкы кадамды таштоодобуз.Биз дүйнөгө таанымал кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана Огузнамалар (Огуз түрктөрүнүн легендарлуу чыгармалары) жөнүндө орток алфавитте жазылган эмгекти басып чыгаруудабыз”,- деп билдирген ал.
Эске сала кетсек, 7-октябрда Азербайжандын Габала шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 12-саммити болуп өттү.