Ош шаарында эртең, 5-ноябрдан тарта жылуулук берилип баштайт. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 4-октябрда мэр Таалайбек Сарыбашов кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жылуулук биринчи кезекте оорукана, бала бакча, мектеп сыяктуу социалдык объектилерге берилет.
Өткөн жылы Ош шаарында 1-ноябрдан тарта жылуулук берилип баштаган.