Айтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугуштуБишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады
Эртең Бишкектин үч конушунда таза суу өчүрүлөт
06.03.2023 | 09:42
Эртең, 7-мартта Бишкектин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Эртең саат 9:00дон 15:00го чейин аталган конуштардагы турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо мекемеси жана башка социалдык-тиричилик объектилери жана өнөр жай ишканалары суусуз калат.
Суу “Энесай” суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Бишкек мэриясы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдардан жана калктан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом