Ош шаарында 26 жаштагы эне төрт эм төрөдү19-мартка карата аба ырайыИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча төрт киши кармалдыБишкек менен Чүйдө бодо малды семиртүү менен алектенген фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилетЕАӨБ Ошто жолдорду куруу жана реконструкциялоо үчүн кредит беретЯпония ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык жаштарга инклюзивдик долбоордун алкагында стажировкаларды уюштурат
Эртең Чүй проспекти 7 саатка жабылат
30.12.2022 | 13:23
Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтында Жаңы жылды майрамдоого арналган иш-чара өткөрүлө тургандыгына байланыштуу 31-декабрда Чүй проспекти убактылуу жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Чүй проспектинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 18:00дон 01:00го чейин жабык болот.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды Чүй проспектинин аталган бөлүгү жабыларын эске алууну, жол эрежесин сактоону суранат.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом