Садыр Жапаров АКШнын жаңы элчиси менен жолукту

Садыр Жапаров АКШнын жаңы элчиси менен жолукту

Президент Садыр Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кыргызстандагы жаңы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров элчинин ишеним грамотасын кабыл алып, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, мындан аркы жемиштүү ишмердигине ийгиликтерди каалаган.

«Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду. Садыр Жапаров Кыргызстандын АКШ менен өз ара пайдалуу негизде өз ара аракеттенүүгө даярдыгын белгилеп, Лесли Вигеринин бай дипломатиялык тажрыйбасы эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жардам берерине ишеним билдирди», — деп айтыламт маалыматта.

Өз кезегинде элчи Лесли Вигери эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди белгилеп, ар түрдүү тармактарда өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар көп кырдуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>