Бишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулат
Эртең Садыр Жапаров Санкт-Петербургга иш сапары менен барат
27.12.2021 | 14:15
Президент Садыр Жапаров КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат. Жолугушуу Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жапаров Санкт-Петербург шаарына эртең, 28-декабрда учуп кетет.
Аталган иш-чарага Белорусь президенти Александр Лукашенко, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевд, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин катышуусу күтүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат