Аткезчилик: Тажикстанга кездемелерди алып өтүүгө аракет кылышты

Аткезчилик: Тажикстанга кездемелерди алып өтүүгө аракет кылышты

24-26 декабрь күндөрү Баткен облусунун Лейлек районунда мамлекеттик чек ара аркылуу жүктөрдү аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылынган бир нече фактыларга бөгөт коюшту. Бул туурасында Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда,  26-декабрь Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ак-Сарай жерлигинде Кыргызстандын 26 жаштагы У.А., атуу жарандын башкаруусунда Мерседец-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү автоунаасын кармашкан. Транспорт каражатын токтотуу үчүн ИИМдин аскер кызматкерлери эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарышкан. Транспорт каражатын текшерүү учурунда 20 рулон тигүү үчүн кездеме материалдары аныкталган. Ал эми айдоочуда  жүктөр үчүн тиешелүү документтери болгон эмес.

Алдын-ала алынган маалыматтарга караганда жүктү Тажикистандын аймагына алып өтүшмөкчү болгон.

24-декабрь Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Катта-Туз – Арка автоунаа жолунун аймагындагы Ак-Сарай жерлигинде Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары Кыргызстандын жарандарынын башкаруусунда Мерседец-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү үч автоунаасын кармашкан.

Автоунааларды текшерүүгө алуу учурунда жүктөргө тиешелүү документтери жок 230 рулон тигүү үчүн кездеме материалдары жана 4 боолонуп оролгон кийим-кечелер аныкталган. Айдоочулардын айтуусу боюнча бул жүктөрдү Тажикистандын аймагына алып өтүшмөкчү болушкан.

Кармалган жүктөрдүн жалпы суммасы 1 млн. 500 миң сомдон ашуун сумманы түздү.

Тиешелүү иш кагаздары толтурулгандан соң айдоочулар жана жүктөр мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетентүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>