Эртең зыяратчылардын биринчи тобу Меккеге учат

Эртең зыяратчылардын биринчи тобу Меккеге учат

31-май күнү зыяратчылардын биринчи тобу Сауд Арабияга учуп кетет. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Алгачкы учак Ош шаарынан Мединага болот.

8-июнга чейин Ош – Медина жана Ош-Жидда багыттары боюнча 4 мин 18 жаран учуп кетишет.

Ал эми Бишкек шаарынан алгачкы каттам 6-июнда башталып, 10-июнга чейин уланат. Жалпысы болуп 2 миң 42 жаран Бишкек – Медина, Бишкек – Жидда багыттары боюнча жөнөп кетишмекчи.

Быйыл Кыргызстанга 6 миң 60 квота бөлүнгөн. Ажылык баасы — 3 миң 750 доллар.

Зыяратчыларды Меккеге 20 дарыгер коштоп барат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>