Айдоочулук күбөлүк алып берем деп, алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды«Ош ТВ» муниципалдык мекемесинин директору алмаштыУКМК: Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун лидери кармалдыКытайдын элчиси кыргыз-кытай кызматташуусунун «алтын доору» башталганын билдирдиКыргызстанда порнографиялык контентти камтыган сайттарды бөгөттөө тартиби бекитилдиКыргызстан авиациялык эрежелерди ИКАОнун ченемдерине шайкеш келтирүүдө
Эртең Бишкекте айрым көчөлөр жабылат
30.08.2025 | 13:00

Эртең, 31-августта, Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чараларга байланыштуу борбор калаада айрым көчөлөр жабылат.
Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, саат 06:00дөн түн ортосуна чейин Ала-Тоо аянты, Чүй проспектисинин бир бөлүгү жана Абдумомунов көчөсү унаа кыймылы үчүн жабык болот.
Кечкисин Ала-Тоо аянтында концерттик программа өтүп, шаар тургундары менен коноктору үчүн майрамдык иш-чаралар уюштурулат.
Бишкек шаардык мэриясы айдоочуларды маршрутуун алдын ала пландаштырууга чакырып, көчөлөрдө тыгындар күтүлөрүн эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар