Яндекс Go Каракол шаарында өз алдынча жүрүүчү чыгырык менен коопсуз айдоонун Мектебин өткөрдү

30.08.2025 | 14:04

Омукен Сейлакунов атындагы борбордук аянтта өз алдынча жүрүүчү электр чыгырыктарды тажрыйбалуу жана үйрөнчүк колдонуучулар үчүн коопсуз айдоонун Мектебин Яндекс Go жана Kicksharing Central Asia компаниялары уюштурду.

Яндекс Go Каракол шаарында өз алдынча жүрүүчү чыгырык менен коопсуз айдоонун Мектебин өткөрдү — Новости Кыргызстана

Окуунун программасы автомектептин форматында өттү. Алгач Яндекс Go инструкторлору өз алдынча жүрүүчү чыгырык менен жүрүүгө ылайыкташкан жол кыймылынын эрежелери боюнча окутуу өткөрүштү, андан кийин катышуучулар алган билимдерин тажрыйба жүзүндө бекемдешти: коопсуздук өтмөктөн, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден өтүштү жана маневр жасоо боюнча көнүгүүлөрдү аткарышты.

Яндекс Go Каракол шаарында өз алдынча жүрүүчү чыгырык менен коопсуз айдоонун Мектебин өткөрдү — Новости Кыргызстана

Тажрыйбалык бөлүгү атайын тосулган аянтта такшалган инструкторлордун көзөмөлүндө өттү. Бардык катышуучулар коргоочу баш кийимдерин кийишти.

Яндекс Go Каракол шаарында өз алдынча жүрүүчү чыгырык менен коопсуз айдоонун Мектебин өткөрдү — Новости Кыргызстана

Уюштуруучулар долбоорго кызыгуу жогору экенин айтышты: көптөгөн тургундар балдары жана достору менен сабакка келиштикен. Келечекте Яндекс Go Кыргызстандын башка шаарларында дагы өз алдынча жүрүүчү чыгырык менен коопсуз жүрүүнүн Мектебин өткөрүүнү пландаштырууда.

Рубрики: Коом
Scroll to Top