Жети-Өгүз районунун 73 жаштагы тургуну изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Алардын маалыматында, бүгүн таң эрте анын бут кийими «Чоң Кызыл-Суу» суусунун жээгинен табылды. Аны куткаруучулар, милиция жана жергиликтүү тургундар издешүүдө.
Түптө 46 жаштагы адам 29-июлдан бери дайынсыз болууда. Ал көлдүн жээгине эс алууга кеткен. Аны издөөгө суучулдар тартылды.