Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Олимпиадада байге алган спортчуларга канча акчалай сыйлык берилери айтылды
01.08.2024 | 15:30
Париждеги Олимпиада оюндарында байгелүү орунду алган спортчуларга мамлекет канча акчалай сыйлык берери айтылды.
Өкмөттүн маалымат кызматы Reporter.kg’ге билдиргендей, алтын алган спортчуга 10 млн сом, күмүш үчүн 7 млн жана коло байге үчүн 5 млн сом сыйлык берилет.
Белгилей кетсек, 2020-жылы өткөн Токиодогу Олимпиаданын жеңүүчүлөрү дагы ушул өлчөмдө акча алышкан.
Париждеги Олимпиада оюндары 26-июлда башталган, 11-августта жыйынтыкталат. Кыргызстандан бул жарышка 16 спортчу аттанган. Алардын ичинен үч спортчу мелдештен четтеди.
https://reporter.kg/olimpiada-kyrgyzstandyk-sportchular-kajsy-kyndory-tajmashka-chygat/