Эскертүү берип, тосмолордон ашып өттү. Бишкек мэри ресторандар менен барларды рейдден өткөрдү

14.11.2025 | 18:05

13 ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев ресторандар менен барларды жекече кыдырып, алардын тынчтык тууралуу мыйзамды кандай сактап жатышканын жана электр энергиясын үнөмдөп жатышканын текшерди. Шаар башчысы 7 Апрель көчөсү боюна жайгашкан ресторандарды айланып чыкты. Айрымдарын иш-чараларды саат 22.00дө аяктоо тууралуу эскертти, анткени бул маалдан кийин жакын жайгашкан үйлөргө ыңгайсыздык жаралышы мумкун. Айрым ресторандар болсо белгиленген убакытта меймандарын таратып жаткан.

Ошондой эле түнү бою иштеген кээ бир көңүл ачуу жайлар менен барлар да текшерилди. Администраторлорго тынчтык тууралуу мыйзам эске салынды жана ашыкча электр сарптоого байланыштуу эскертүү берилди. Бирок кубандырганы — алардын көпчүлүгү ошол маалда буга чейин эле жабык болуп, ичинде келүүчүлөр болгон эмес.

Бизнес өкүлдөрү жайларын электр менен камсыздоо үчүн генераторлорду колдонуунун мүмкүнчүлүгү тууралуу сурашты. Шаар башчысы бул маселе каралып жатканын, бирок турак жайларга жакын жайгашкан мекемелерге генератор колдонуусуна уруксат берилбей турганын билдирди.

Айбек Жунушалиевдин айтымында, мындай рейддер Бишкектин бардык аймактарында эскертүүсүз туруктуу түрдө өткөрүлүп турат.

Scroll to Top