Бишкек шаарындагы айтылуу Панфилов сейил багы 1917-жылы Мамлекеттик бакча деген аталыш менен азыркы Чүй проспектисинде түптөлгөн. Бирок ал кезде Купеческая көчөсү деп аталчу. Парктын аймагы алгач азыркы Жибек Жолу көчөсүнө чейин жетип, жалпы 20 гектар жерди ээлеген. Сейил бак 1879-жылы шаарды жашылдандырууга зор салым кошкон окумуштуу жана багбан Алексей Михайлович Фетисовдун идеясы менен негизделип, 5 жылдын ичинде анын аймагында 100 миңден ашык жемиш, декоративдүү жана токой көчөттөрү отургузулуп, жашылдандырылган.
Кийинчерээк, 1941-жылдын декабрь айында аталган паркка Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жаш жоокерлерге жол көрсөткөн генерал Иван Васильевич Панфиловдун ысымы ыйгарылган. Ошентип сейил бакта алгачкы аттракциондор жана бий аянтчалары пайда боло баштаган.Албетте, ал кезде азыркыдай оюн-зоок, аттракциондордун көп түрү болбосо да шаар тургундары үчүн жетиштүү көңүл ачуучу оюн-зоок жабдыктары бар эле.
Андан соң 1980-жылдары парктын аймагы кичирейип, андагы айрым аттракциондор алынып, жанына Ак үй курулган.
Ошентип отуруп шаардын чок ортосунда жайгашкан эс алуу багынын ичинде жеке ишкерлер ээлик кылган аймактар пайда болуп, ар ким өзү каалаган аттракциондорду орноштуруп, эс алуучуларга кызмат көрсөтө баштайт. Ал ортодо кимди-ким көрдү, быржыбайды там басты болуп, аттракциондордун техникалык абалын эмес, андан башка олуттуу маселелерге көңүл бурулбаган заманды баштан кечирдик. Буга чейин деле Асанбай паркы баш болгон Бишкектеги бир катар сейил бактардагы аттракциондоавариялык абал жаралып, балдардын кулаганын далай жолу эшиткенбиз, бирок көңүл бурулбай калып кеткенин эч ким тана да, жокко да чыгара албайт.
Эң акыркы кейиштүү кырсык ушул жылдын 31-март күнү орун алып, алдын ала айтылган версия боюнча, аттракцион иштеп жаткан маалда эки коопсуздук куру үзүлүп андаотурган кыз кулап түшкөн. Ал Тез жардам менен ооруканага жеткирилгени айтылып, коомчулукта чуру-чуу башталды. Дарыгерлер учурда кыздын абалы оор экенин, анын баш, бет сөөктөрү сынып, тиштери талкаланганын айтышты. Ал эми бүгүн, 2-апрелде ИИМ тарабынан кылмышка шектүү катары кырсык болгон аттракционду иштеткен 2001-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалымдалды. Учурда тергөө иштери уланып, окуягаюридикалык баа берилерин ИИМдин маалымат кызматы тастыктады.
Таң калыштуусу, аттракционду иштеткен оператор кармалып, башында тургандар тууралуу сөз болбогону. Негизинен бул жерде жетекчиликти жоопкерчиликке тартуу маселеси каралыш керек эле. Себеби аттракциондун техникалык абалына жетекчилик жооп бериши керек. Кызматкерлер ага кирише албайт. Балким териштирүү иштеринин жүрүшүндө окуя башкача өңүттө уланышы мүмкүн деген.
Ал эми, Панфилов паркынын администрациясы аттракциондордун баары жакшы абалда экенин, инструкторлор аны иштетүүнүн алдында кардарларды текшерип чыгат деген кыскача билдирүү таратты. Ошондо айланып келип эле ортодо бейкүнөө карапайым кызматкер жоопкерчиликке тартылабы же жаракат алган кыздын өзү күнөөлүү болуп чыгабы?
Бул окуядан соң Панфилов паркындагы бардык аттракциондордун иши убактылуу токтотулуп, кыз кулап түшкөн аттракциондун ээсине 35 миң сом айып салынган. Болгону 35 миң сом айып, бир адамдын ден-соолугуна залал келтирүүнүн баасы 35 миң сом элеби?
Бул жерде баса белгилеп айта кетүүчү жагдай, 7 жылдан бери эс алуу бактарын текшерүүгө киргизилген мораторийден улам, Панфилов паркындагы аттракциондун техникалык абалы көзөмөлгө алынган эмес. Тактап айтканда эч бир мамлекеттик орган басып барып кызыгып да койгон эмес. Себеби мыйзам жол бербейт. Эгерде ошол мыйзамдар калкка карата пайдасы жок болсо анда эмне себептен кабыл алынат? Болгону түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турганы кошумчаланды. Ооба, кырсык каш кабактын ортосунда дейт, бирок дал ошол мораторийди киргизген мекеме, жооптуу кызмат адамдары ошол эс алуу бактарынын кардарларынын басымдуу бөлүгү жаш балдар экенин, демек коопсуздук маселесинин канчалык маанилүү экенин эмнеге эске алышкан эмес? Кайдыгерликтин арты менен бүгүнкү кырсык катталганы айдан ачык болуп турбайбы. Дегеним, бул алгачкы ирет катталып аткан кырсык эмес. Деги эле мындай окуяларды эсептей берсең сан жетпейт.
Буга кошумча, ошол парктагы аттракциондорду иштеткен жеке менчик ээлеринин, акчанын артынан түшүп, өзгөнүн өмүрүн тобокелге салган кайдыгерлиги. Мораторий киргизилди деп эле таштап койбостон, өз алдынча текшерип, убак-убагы менен техникалык оңдоо иштерин жасап турса азыркыдай кырсык болбойт эле.
Мыйзам боюнча кандай гана аттракцион болбосун, коомчулукка кызмат көрсөтө турган бардык жайлардагы аттракциондор колдонорго берилер алдында сапаты текшерилип, атайын көзөмөлдөн өтөт. Кандай материалдардан жасалып, кандай шартта иштеши текшерилиши шарт. Бирок андай болгон күндө деле Панфилов паркындагы аттракциондор качан колдонууга берилип, канча убактан бери иштеп жатканын эч ким билбейт. Демек коопсуздугуна эч ким жооп бербейт деген сөз. Темир да эскирет, сынат. Андыктан жылына 3-4 ирет милдеттүү текшерүүлөр жүргүзүлүшү зарыл. Бул дүйнөлүк практика.
Бийлик өз кезегинде бул окуяга кайдыгер карабай, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул окуяны өз көзөмөлүнө алып, тийешелүү органдарга тапшырма бергенин билдирди. Ага ылайык, коопсуздукка жооп бербеген, адам өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган аттракциондордун ишин токтотуунун бирдиктүү тартибин тез арада иштеп чыгуу тапшырылды.
Бул кырсык акыркысы болуп, мындан ары тийешелүү текшерүүлөр, талаптар иштелип чыгып, Бишкек эле эмес, жалпы Кыргызстандагы балдар эс алган эс алуу бактардагы жана андагы аттракциондор талапка шайкеш иш алып барат. Адам өмүрүнө коркунуч туудурган окуялар башка катталбайт деп үмүттөнөбүз. Акчаны эмес, коопсуздукту биринчи орунга койгон жалпы улуттук кызыкчылык пайда болот деп ишенели.