«Евразия» паркы жаңы жылдык каникулда 400 миңден ашык конокту кабыл алды
Жаңы жылдык эс алуу күндөрү, 20-декабрдан 11-январга чейин «Евразия» паркы борбор калаанын тургундары жана меймандары эң көп барган негизги жайлардын бирине айланды. Расмий маалыматтарга караганда, бул аралыкта аталган коомдук жайга 400 миңден ашуун адам келген.
Парктагы кышкы сезон шаардыктарга көңүл ачуунун кеңири программасын тартуулады. Аянты 650 чарчы метрди түзгөн, каалоочулардын баары үчүн ачык муз тебүүчү аянтча эң көп суроо-талапка ээ болгон жайлардын бири болду. Күн сайын башкы сахнада концерттер, цирк шоулары жана театрлаштырылган көрсөтүүлөр өтүп турду. Балдар үчүн чыгармачылык өнөрканалар жана Аяз атанын үйлөрү иштеп, ал жерде сүрөткө түшүү жана анимациялык программалар уюштурулду. Майрамдык маанайды конокторго сувенирлерди жана түрдүү даамдарды сунуштаган «Түндүк жаркырагы» («Северное сияние») жарманкеси толуктады.
Майрамдык программанын маанилүү бөлүгү катары атайын тигилген этномаданий боз үйдө уюштурулган агартуу иш-чаралары болду. Каникул учурунда бул жерде манасчылар өнөр көрсөтүп, маданий мурастарды үйрөнүүгө арналган жолугушуулар өткөрүлдү. Парктын коноктору кийиз менен иштөө боюнча мастер-класстарга катышып, боз үй тигүү техникасын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
«Евразия» паркынын жетекчилиги аймакка кирүү жана бардык иш-чараларга катышуу туруктуу негизде акысыз экенин эскертет. Жаңы жылдык декорациялар жана майрамдык жасалгалар шаар тургундарына 1-февралга чейин жагымдуу маанай тартуулайт.