Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы Бишкек шаарына троллейбустардын абалын баалоо үчүн атайын адистерди жиберет. Бул тууралуу «Бишкек смог» коомдук уюму билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жарандык коомдун өкүлдөрү Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын президентине жана жогорку жетекчилигине кайрылышкан. Кайрылуу 13-15-майда Улуу Британиянын Лондон шаарында өткөн аты аталган банктын Башкаруучулар кеңешинин 34-жылдык жыйынында жасалган.
Анда жарандык коомдун өкүлдөрү 2013-жылы Бишкектеги троллейбус системасы техникалык абалынын начардыгынан улам жабылуу коркунучуна кептелгенин, Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы тарабынан берилген насыянын аркасы менен шаардагы жападан жалгыз экологиялык таза транспорт сакталып калганын билдиришкен. Алардын айтымында, бул насыя аталган банктын бул долбоордун ишке ашуусуна көзөмөл жүргүзүү шарты менен берилген.
«Бирок буга карабастан, былтыр 100 троллейбус банк жана шаар тургундары менен макулдашпастан, шаардан чыгарылып кеткен. Алардын ичинде 2018-жылы банк тарабынан кошумча каржылоо аркылуу сатып алынган троллейбустар да бар болчу. Троллейбустар техникалык жактан ишке жарамдуу абалда. Бирок, учурда алар Бишкек менен Ош шаарларында токтотулуп турушат. Бишкек мэриясынын бул троллейбустарды электробуска айлантуу сунушу эч кандай мааниге ээ эмес жана шаар бюджетинен кошумча миллиондогон чыгымдарды талап кылат»,- деп айтылат маалыматта.
Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын жетекчилиги бул жагдайга терең тынчсыздануусун билдирип, региондо транспорттук туруктуу өнүгүүнү колдоорун жана тиешелүү көмөк көрсөтө турганын билдиришкен.