Башка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — Кулов
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Ош шаарына троллейбус линияларын куруп берет
17.09.2025 | 16:22

Ош шаардык мэриясы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) шаарга электробустарды алып келүү жана жаңы троллейбус линияларын куруу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди
Документке бүгүн, 17-сентябрда Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев менен ЕРӨБдүн өкүлдөрүнүн Бишкек шаарында жолугушунда кол коюлду.
Ошондой эле жолугушууда бир катар маанилүү маселелер талкууланып, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча сунуштар каралган. Атап айтканда, эстакадалык көпүрөлөрдү куруу, шаарды айланып өтүүчү жолдорду салуу, жылуулук ишканасынын отканаларын оңдоо, “Жашыл шаар” долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланган
Рубрики: Жаңылыктар, Коом