Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева «Фейсбук» социалдык түйүнүндө өзүнүн баракчасын ачты.
Анын айтымында, ал жарандар менен түз байланышып, коомго мүмкүн болушунча ачык болгусу келет.
«Мен каржы менен кандайча иштей тургандыгыбызды түшүндүргүм келет. Мамлекеттик чыгымдар кандайча жасалгандыгын мүмкүн болушунча жөнөкөй түшүндүрүүгө аракет кылам. Кээ бирөөлөр менин атыман фейк аккаунт ачып алышыптыр. Чындыгында бул баракчаны ачуу максатым эл менен баарлашуу », — дейт Жээнбаева.