Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финпол) ыкчам башкармалыгынын башчысы пара менен кармалды. Бул маалымат Reporter.kg агенттигине өздүк булактардан келип түштү.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кызматкер Финполдун имаратынан 2 миң доллар менен кармалган.
Финполдун басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктаган да төгүндөгөн да жок.
Маалымат толукталат.