•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРСАЯСАТ

Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев камакка алынды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев Аскер прокуратурасы тарабынан камакка алынды.

Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, Сагымбаев Кой-Таштагы окуялар боюнча шектүү катары эки суткага камакка алынган. Азырынча маалыматты  расмий органдардан тактоого мүмкүн болбой жатат.

Буга чейин бир нече басылмалар жактоочу Замир Жоошевге таянып,   Канат Сагымбаев Атамбаевди туулган күнү менен видео аркылуу куттуктаганы үчүн кызматтан алынганын маалымдаган.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети муну чектке кагып, анын жумуштан алынышын куралын тапшырбай койгону жана журналисттерге маалымат бергени менен байланыштырган.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *