УКМКнын жетекчиси Камчы Көлбаев министрлердин бирин видео чалуу аркылуу коркутканын билдирдиКара-Сууда 589 жаранга жер тилкелери мыйзамсыз берилгени аныкталдыТүштүк Кореяда Дональд Трамп менен Си Цзиньпин жолуктуЖМКларда Шайлообек Атазовдун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнү айтылууда. ИИМ бул маалыматты төгүндөдүБишкекте Орто-Сай айылы менен Көк-Жар конушун бириктире турган жол салынат30-октябрга карата аба ырайы
Францияда тик учак кулап, беш киши каза болду
09.12.2020 | 09:46
Кечээ, 8-декабрда, Франциянын чыгышында тик учак кулап, 5 киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Окуя Альбертвиллге жакын жерде, 1800 м бийиктикте болгон.
“Франциянын аэронавигациялык кызматынын тик учагы Париж убактысы боюнча саат 19:00 чамасында кулады. Бортто аталган кызматтын төрт кызматкери жана эки куткаруучу болгон”, – деп жазылат «Сегодня» басылмасынын маалыматында.
Тик учактын учкучу авария тууралуу коңгуроо бергенге жетишкен.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон беш адам каза болгонун билдирип, дарыгерлер дагы бир адамдын өмүрүн сактап калуу менен көрүшүүдө.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар