Финполиция: Автомектептердеги коррупция казынага ири зыян келтирген

Финполиция: Автомектептердеги коррупция казынага ири зыян келтирген

Финансы полициясы Ош облусунун автомектептери тарабынан салык төлөмдөрүн төлөөдөн качкан кылмыштуу схеманын бети ачылды деп маалымат таратты.

Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорундагы автомектептердин “Инфокомдун” электрондук сайты боюнча экономикалык ишмердигине талдоо жүргүзүлгөн. Анда айдоочулук күбөлүк берилген адамдар жөнүндө маалыматтар менен Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы берген маалыматтардын жылдык отчеттунда өтө чоң айырмачылык бар экени белгилүү болгон.

Натыйжада, “А.П.” ЖЧКнын автомектептеринин бири гана мамлекеттик бюджетке 2 миллион сомго жакын зыян келтиргени аныкталган. Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, башка автомектептердин да ишмердүүлүгү текшерүүлөргө алына баштаган.   

[su_image_carousel source=»media: 51268″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>