Бишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алдыМамлекетке 5 млн 699 миң сом зыян келтирилген. Кочкордо айыл аймактын мурдагы башчысы кармалды
Франциянын токойлорундагы өрттү Евробиримдик өчүрүшүүдө
11.08.2022 | 23:27
Францияда ысыктан жана кургакчылыктан келип чыккан токой өрттөрү уланууда. Өрт буга чейин өлкөнүн түштүк-батышындагы Жиронде аймагында 7 миң гектар токойду жок кылган. Жаңы жерлерде күн сайын өрт кырсыгы катталууда.
Еврокомиссия Францияга өрт өчүрүүчү 4 учак жөнөттү. Буга чейин алар Греция менен Швецияда болушкан. Франциянын өрт өчүрүүчүлөрүнө жардамга Германия, Польша, Австрия жана Румыниядан да өрт өчүрүү бригадалары жөнөтүлгөн.
Токой өртүнүн күчөшүнө жана масштабына байланыштуу Жирондун 8000 тургуну жана Ландес аймагындагы 2000 тургуну үйлөрүнөн эвакуацияланган. Алардын айрымдары быйыл жайында экинчи жолу коопсуз жайга көчүрүлгөн.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар