Унаасынан граната табылган Илгиз Шаменов сурактан чыкты

Унаасынан граната табылган Илгиз Шаменов сурактан чыкты

Бишкек шаарындагы «Азия Молл» соода борборунда унаасынан граната табылган жарандык активист Илгиз Шаменов сурактан чыкты.

«Гранатаны өзү койду дегендер чыгып жатат. Кантип өзүм коймок элем. 6 жашар кызым жана эсепчим менен кечке унаада жүрдүк. Өзүм кылсам аларды салып алып жүрмөк белем?«- деди.

Ошондой эле бул кол салууну Жетим-Тоо кенинин казылышына каршы чыгып жатканы менен байланыштырды. Жетим-Тоонун казылышына каршы чыгара берээрин, коркутуп-үркүтүүлөр токтото албастыгын билдирди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Ал эми «Азия Молл» соода борборунда бомба коюлганы тууралуу маалымат боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Буга чейин  Шаменов Азия Молл соода кылууга келип, унаасын унаа жуучу жайга токтотуп койгондо,  гранатаны унааны жууп жатканда табышканын билдирген.

Эскерте кетсек, Бишкектеги Asiamall соода жана оюн-зоок борборунун имаратына бомба коюлганы тууралуу билдирүү милицияга бүгүн саат 13:56да келип түшкөн. Окуя жерине милиция, УКМК жана тез жардамдын кызматкерлери барган. Соода борборунун ичиндеги кишилер сыртка чыгарылып, анын айланасы курчоого алынган.

Asiamall’догу граната ишкер Илгиз Шаменовдун унаасынан табылган — видео

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>