Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Франциянын премьер-министри Себастьен Лекорню кызматын таштады
06.10.2025 | 16:42

Франциянын премьер-министри Себастьен Лекорню кызматтан кетүү боюнча арыз берди. Франциянын президенти Эмманюэль Макрон анын арызын кабыл алды. Бул тууралуу Елисей сарайынын сайтында бүгүн, 6-октябрда, кабарланды.
Белгилей кетсек, Себастьен Лекорню Франциянын премьер-министри болуп Макрон тарабынан 9-сентябрда шайланган. Ал Франциянын тарыхында премьер-министрлик кызматта эң кыска мөөнөттө, 27 күн гана отурган өкмөт башчы болду.
Франциянын BFM TV каналы Себастьен Лекорню кечээ, 5-октябрда, гана өзүнүн өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн бир бөлүгүн жарыялаганын, ал эми бүгүн кызматын таштап кетип жатканын билдирди.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар