Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Фучик көчөсүнүн Москва – Дэн Сяопин тилкеси ачылды
22.09.2025 | 09:40

Фучик көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Дэн Сяопин көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жолдун реабилитациясы толугу менен аяктап, унаа кыймылы үчүн ачылды.
Мэриядан билдиришкендей, бул тилкеде эки катмар асфальт төшөлүп, бордюрлар жаңыртылды. Ошондой эле «Вокко» ЖЧКсы тарабынан жол белгилери орнотулуп, жол чиймелери түшүрүлдү.
Кийинки этапта Фучик көчөсүнүн Дэн Сяопин көчөсүнөн «Аска-Таш» конушуна чейинки бөлүгү оңдолору белгиленди. Ошондой эле жакынкы күндөрү Дэн Сяопин көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки тилке убактылуу жабылып, батыш тарабында кыймыл чектелет. Ал эми чыгыш тарабы эки тилке катары уюштурулат.
Эске салсак, Фучик көчөсү акыркы жолу 2003-жылы Дүйнөлүк банктын колдоосу менен реабилитацияланган.