Бишкекке Кытайдын C909 учуучу госпитали келдиКыргызстанда биринчи улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулатБишкекте дарыгерлер 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды алып чыгыштыСуучул Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль уттуБишкекте 25-сентябрдан тартып №43 автобустун каттамы өзгөрөтШайназаров: БШК шайлоо менен алектениши керек, лотерея менен эмес
Таластагы дарыгерлердин айлыгына кошумча 40 миң сом төлөнөт
22.09.2025 | 09:55

Талас облусунда дарыгерлердин жетишсиздигин жоюу үчүн жаңы стимул чаралары киргизилди.
Облус башчысы Эрмат Жумаевдин айтымында, дарыгерлерге ай сайын кошумча 40 миң сом, ал эми ординаторлорго 12 миң сом төлөнмөкчү.
Мындан тышкары, облуска келип иштейм деген дарыгерлерге бекер үй жана бардык шарттар түзүлөт. Жумаевдин айтымында, дарыгер болууну каалаган студенттердин окуу акысы дагы төлөнүп жатат. Бирок алар окуусун аяктагандан кийин Таластагы мамлекеттик ооруканаларда кеминде 5 жыл иштөөгө милдеттүү.
Азыркы тапта облус боюнча 30 студент ушундай келишимдин негизинде билим алып жатат. Ошондой эле Талас аймагында 173 дарыгер жетишпейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом