Футбол: Кыргызстан менен Мьянманын беттеши жылдырылды

15.02.2021 | 16:15

Мьянма жана Кыргызстандын футбол боюнча курамаларынын март айына белгиленген беттеши башка убакка жылдырылды.  Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, футбол боюнча 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандоо турундагы Мьянма жана Кыргызстандын курама командаларынын беттеши башка убакка жылдырылды. Ага Мьянмадагы саясий жана эпидемиологиялык кырдаал себеп болгон.

Беттеш 30-мартта Мьянманын Мандалай шаарында өтмөк.

Алдын ала маалыматтарга караганда беттеш июнь айында өтүүсү болжолдонууда.

Scroll to Top