Зергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жатат
Футбол: Жапония Кыргызстанды 2:0 эсеби менен утуп алды
14.11.2019 | 20:17
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өткөн футболдук беттеште Кыргызстандын улуттук курамасы Жапонияга утулуп калды.
Оюндун биринчи бөлүгүнүн 40-мүнөтүндө кыргыз курамасынын дарбазачысы Кутман Кыдырбеков оюн эрежесин бузганы үчүн калыс жапондорго пенальти берди. Жапон оюнчусу Такуми Минамино мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай өз командасына бир гол алып келди.
Экинчи таймдын 54-мүнөтүндө жапон оюнчулары экинчи голду жаратууга жетишти.
Ошентип оюн 2:0 эсебинде Жапон курамасынын жеңиши менен аяктады.
Белгилей кетсек, аталган беттеш 2022-жылы Катарда өтүүчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда болуучу Азия Кубогуна тандоо этабынын алкагында болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт