Гепарин жана клексан COVID-19 инфекциясын айыктырбайт. Бул тууралуу маалымат коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штабдын Телеграм-каналына жарыяланды.
Гепарин жана клександы — социалдык тармактын колдонуучулары коронавируска каршы препарат катары издешкен дары.
Видеодо гепарин менен клександын эмне үчүн колдонулаары жана аны дарыгердин кеңеши жок, өз алдынча колдонууга болбой турганы жөнүндө айтылат.