2022-жылы Германияда сыра кескин кымбаттаары күтүлүүдө. Бул туурасында өндүрүш тармагындагы жаңылыктарды жазган GetraenkeNews сайты айтып чыкты.
Ал маалыматка караганда, 2022-жылдын 1-февралына чейин 100 литр сыранын баасы 8,5 еврого көтөрүлөт. 0,5 литр сыра келээрки жылдын май айынан тарта 32 центен 63 центке чейин өсөт.
Krombacher жана Veltins компаниялары 3-апрелден тарта ресторандарда сыранын бир вокалы 30-50 центке чейин көтөрүлөөрүн, учурда бир вокалы 4,5-6 евродон сатылып жатат, бул көрсөткүч 10 еврого чейин болоорун болжошууда.
Буга бир гана себеп, пандемия маалында алкоголдук бизнестегилер баасын кескин түшүргөн. Сырьелор да кескин кымбаттап кеткен. Учурда актабай жаткандыктан акырындык менен өз баасына жеткирүүнү көздөшүүдө.