Бишкек абанын булганышы боюнча 23-орунда туратКыргызстан аймакта эттин баасы эң төмөн өлкөлөрдүн катарына кирдиКазармандагы мектептерге террордук кол салуу болору тууралуу билдирүүлөрдү тараткан. УКМК мектеп окуучусун кармадыЖогорку Кеңештин Төрагасы жана Жапониянын элчиси инфраструктуралык долбоорлорду кеңейтүү маселесин талкуулаштыКыргызстанда кайрадан ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүү сунушталуудаКайрат Турсункулов тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды
Германиялык маркетплейс кыргыз тигүүчүлөрү менен кызматташууга даяр
26.01.2024 | 10:26
Германиялык “Бруно Бадер” компаниясы Кыргызстандын тигүүчүлөрү менен кызматташууга даяр. Бул тууралуу элчи Өмүрбек Текебаев билдирди.
Анын айтымында, Германиянын ири кийим сатуучу ишканасы товарларын Түркия менен Грециядан тиктирип келет.
“Аларга биз өзүбүздүн тигүү тармагы боюнча маалымат бердик. Өтө мактадык. Кыргыз жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрүн Германияга чакырып жатат. Эгер талаптарга жооп берсе, Европага жеткирүү жолу чечилсе, буйрутма берүүгө даяр”, – дейт Өмүрбек Текебаев.
“Бруно Бадер” – 94 жыл мурун түзүлгөн компания. Алар 50 миңден ашык товарлардын түрүн интернет жана почта аркылуу сатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом