Эржан Токотаев башкы машыктыруучу Таркович тууралуу оюн айтты (видео)

Эржан Токотаев башкы машыктыруучу Таркович тууралуу оюн айтты (видео)

Кыргызстандын футбол курамасынын дарбазачысы Эржан Токотаев команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович тууралуу оюн билдирди.

Токотаев жаңы машыктыруучу менен иштешип жаткандарына 8 айдын жүзү болгонун айтты.

«Машыктыруучу менен 8 айдан бери иштедик. Ар кайсы оюнчуларды карап көрдү. Эки айлык окуу-машыгууларда бир курамды жыйнады. Машыктыруучуга эми көнүп, эми оюнду түшүнүп, түшүнүшүү башталды. Менимче машыктыруучубуз калса, бизге жакшыраак болот. Анткени ушул оюнду, ушул стратегиянын үстүндө иштесек, буйруса биздин команда көп-көп ийгиликтерге жетет», — дейт Токотаев.

Кыргызстандын курамасы Катарда өтүп жаткан Азия кубогунда 1/8 финалга чыга алган жок. «Ак шумкарлар» алгачкы эки оюнунда жеңилүү ызасын тартып, соңку беттешинде атаандаштары менен тең чыкты. Натыйжада өз тайпасында 1 упай менен акыркы орунду ээледи. Кыргызстан Сауд Арабия, Таиланд жана Оман курамалары менен бир тайпада ойноду.

Белгилей кетсек, кыргызстандык футболчулардын Азия кубогундагы ийгиликсиз оюндарынан кийин күйөрмандар тарабынан башкы машыктыруучу Штефан Тарковичти кызматтан кетирүү керектиги айтыла баштаган.

Кыргызстан алгач ирет Азия кубогунун финалдык баскычына 2019-жылы чыккан. Анда Кыргызстан өз тайпасында үчүнчү орунду ээлеп, 1/8 финалга өтө алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>