Гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду — сүрөттөр

Гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду — сүрөттөр

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын Гимнинин авторлорунун бири, акын Шабданбек Кулуевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү.

Коштошуу зыйнатына маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, маркумдун жакындары, кесиптештери, манасчылар жана жарандык активисттер катышты. Алар Кулуевдин басып өткөн жолун, эли үчүн жасап кеткен жакшы иштерин эскеришти.

Шабданбек Кулуевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

[su_image_carousel source=»media: 49575,49576,49578,49572,49577,49573,49574″ crop=»none» autoplay=»4″]

Ал мамлекеттик гимндин авторлорунун бири болуп, 1994-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы берилген.

Эмгек жолу:

– 1963-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

– 1969–1990-жылдары Жумгал районунун Жумгал, М.В.Фрунзе атындагы орто мектептерде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, кийин директор болгон.

– 1990–2006-жылдары Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп иштеген. Республикалык “Кыргыз туусу” гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы болгон.

– 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>