Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык үч балбан Азия чемпиону болду

08.04.2026 | 09:59

Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык үч балбан алтын медаль утуп, Азия чемпиону аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

77 кг чейинки салмакта кармашкан Акжол Махмудов бул жолу да алтын алып, төртүнчү жолу Азия чемпиону аталды. Ал мелдештин алгачкы баскычтарында Жапониянын (7:3), Казакстандын (9:1) жана Өзбекстандын (9:0) балбандарын жеңип чыккан. Финалда ирандык Али Оскоу менен болгон беттеш 3:3 эсебинде аяктап, сапаттык көрсөткүчү боюнча жеңиш Махмудовго берилди.

Афтандил Таалайбек уулу 63 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, биринчи орунду ээледи. Ал чейрек финалда Жапониянын, жарым финалда Түркмөнстандын балбандарын жеңген. Финалдык беттеште Ирандын спортчусу Эрфан Жарканини 7:2 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды.

Ошондой эле 87 кг чейинки салмакта күч сынашкан Асан Жанышов Азия чемпиону наамына ээ болду. Ал Түркмөнстандын (10:0) жана Казакстандын (8:0) спортчуларын жеңген. Алтын медаль үчүн болгон беттеште Ирандын өкүлү Холамреза Фарохисенджанини 11:4 эсебинде артта калтырды.

Бүгүн, 8-апрелде, грек-рим күрөшү боюнча дагы бир балбан Раззак Бейшекеев алтын үчүн күч сынашат. Ал чечүүчү финалдык беттеште Жапониянын балбаны Кенцуке Шимицу менен беттешет.

Scroll to Top