Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Гүлжигит Алыкулов «Торпедо» футбол клубуна өттү
11.01.2025 | 17:14
Кыргызстандын курамасынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов Москванын «Торпедо» футбол клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
«Торпедо» клубу Россиянын биринчи лигасында ойнойт.
Өткөн сезондо Гүлжигит Алыкулов Беларустун «Неман» клубунда ойногон. Анда ал 30 оюн өткөрүп, 8 гол киргизген. Ал Беларустун чемпионатында күмүш байгеге ээ болуп, өлкөнүн Кубогуна татып, жылдын жыйынтыгы боюнча команданын мыкты оюнчусу деп табылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом