«Хан-Теңири» мамлекеттик жаратылыш паркына коюлган фотокапкандар ак илбирсти сүрөткө түшүрдү. Бул тууралуу Экология министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, сүрөттөр ушул жылдын январь жана февраль айларында тартылган. Сүрөткө энесинин артынан ээрчип бара жаткан илбирстин баласы да тартылып калган.
«Хан-Теңири» мамлекеттик жаратылыш паркы Ысык-Көл облусунун чыгыш бөлүгүндө, Күнгөй жана Тескей Ала-Тоо тоо кыркаларынын кесилишинде, Сары-Жаз дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Дал ушул аймакта Жеңиш чокусу (7439 м) жана Хан-Теңири чокусу (6995 м) орун алган.