Хостелдеги мушташ. Милиция жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды

Хостелдеги мушташ. Милиция жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды

Бишкектеги чет өлкөлүк жарандардын жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда болгон мушташта жабыркагандардын ичинен «бир адам каза болду» деген маалымат жалган. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, аталган окуяга байланыштуу мессенжерлер аркылуу 13-майда болгон мушташта «жабыркагандардын ичинен бир адам каза болду» деген жалган маалымат таратылууда. Ошондой эле жарандарды чет элдик студенттер жашаган жатаканаларга чогулуу боюнча чакырыктар айтылууда.

Милиция жарандарды чагымчыл маалыматтарга ишенбөөгө чакырат, ошондой эле жалган маалымат тараткан адамдар жоопко тартыларын эскертет.

Эскерте кетсек, 13-майда Бишкектеги хостелдердин биринин алдында чет өлкөлүктөр менен жергиликтүү тургундардын катышуусунда массалык мушташ болгон. Окуянын видеосу 17-майда соцтармактарга тарап, коомчулукта резонанс жараткан.

17-майда кечинде 200-300дөй адам окуя болгон хостелге топтолгон. Ага байланыштуу жерине милиция кызматкерлери тартылган. Укук коргоо органдары чогулгандардын арасынан албууттангандарды кармап кеткени белгилүү. Түшүндүрүү иштеринен кийин алардын бир бөлүгү кое берилгени кабарланган.

Топтолгон адамдар түнгө жакын окуя болгон хостелден кеткени, бирок топ адамдар чет элдик студенттер жашаган жатаканаларга барып, айнек-терезелерин таш менен уруп сындырганы кабарланууда.

Милиция мыйзам бузган жарандар жоопко тартыларын эскертет. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>