Коомдук телерадио берүү корпорациясынын мурунку директору Бахтияр Алиев Социалдык фондго башчы болду. Аны вице-премьер-министр Эдил Байсалов коллективине тааныштырган. Бул туурасында Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал КТРКга 2020-жылдын декабрынан, ушул жылдын 15-октябрына чейин директор болуп эмгектенди.
Соцфонддун төрагасы болуп Жаныбек Орозалиев май айда келип, октябрь айында жумуштан кол жууган.